"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы кызматына Алмаз Алимбеков шайланды

"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы кызматына Алмаз Алимбеков шайланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-майда "Кыргыз алтын" ишканасынын Башчылар кеңеши Алимбековдун талапкерлигин аталган кызматка бир добуштан жактырышты. Ал буга чейин аталган ишкананын жетекчисинин милдетин аткарып келген. 

А.Алимбеков КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын өнөр жай, жер пайдалануу жана отун-энергетикалык комплекс боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле Экономика министрлигинин Табигый ресурстар саясаты боюнча башчысы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан