Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 29-майда Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Жудит Фарнвортту дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды.
Төрага Фарнвортту кыргыз жериндеги ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү аякташы жана жаңы жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. Жээнбеков элчинин кыргыз мамлекети менен Улуу Британия ортосундагы эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. "Биздин мамлекет парламенттик демократия жолунда динамикалуу түрдө өнүгүп бара жатат. Мында биздин эл аралык өнөктөштөрдүн, досторубуздун салымы зор. Биз сиздин өтө олуттуу көңүл бурганыңызды жогору баалайбыз. Сиздин көмөгүңүз астында Улуу Британия тарабынан Кыргыз Республикасына маанилүү колдоолор болду",- деди Жээнбеков.
Жолугушууда алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу да пикир алышуу болду. Төрага өлкө жетекчилиги шайлоону таза өткөрүүгө карата бекем ниетте экенин, бул тандап алган парламенттик демократия жолун бекемдөөнү улантууга, акыйкаттык, тазалык принциптерин чыңдоого өбөлгө болорун белгилеп өттү.