Темир Сариев президент Нурсултан Назарбаев менен делегация башчыларынын жолугушуусуна катышты

29-майда премьер-министр Темир Сариев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынынын алкагында делегация башчыларынын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады. 

Назарбаев жолугушуунун катышуучуларына Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында айтып берди жана КМШ өлкөлөрү аралык кызматташууну чыңдоо жана тереңдетүү зарылдыгын белгиледи. "Биздин милдет өлкөлөр ортосундагы кызматташуудан натыйжалуу пайда алуу болуп саналат",- деди ал. 

Эскерте кетсек, Казакстандын Бурабай аймагында өтүп жаткан эки кеңешме алкагында Темир Сариев КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу маселеси жана эки тараптуу мамилелердин актуалдуу аспектилери көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан