Президент Алмазбек Атамбаев ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын чет жердеги мигранттар турмушун чагылдырган “Мекендештер” телекөрсөтүүсүнүн чыгармачыл жамаатын кабыл алып, 200 миң сом акчалай көмөк көрсөттү. Бул тууралуу 29-майда президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы алыстагы мекендештердин турмушунан үзгүлтүксүз кабар алып, алардын күнүмдүк жашоосун чагылдырып турган мындай телекөрсөтүү коомчулук үчүн да, мигранттар үчүн да пайдалуу экенин белгиледи.
ЭлТР МТКнын “Мекендештер” теледолбоору 2008-жылдан тартып эфирге чыгып, телеберүүнүн авторлору буга чейин Орусиянын 20дан ашуун шаарларын кыдырып, мигранттар турмушу жөнүндө маалымат берип келет.