Президент Алмазбек Атамбаев "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - 1998-жылдын 14-майындагы №61-“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдик-укуктук негиздерине ылайык келтирүү.
Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.