Ош мэриясы шаардын ортосундагы жеке менчик автобекетти шаар сыртына, 15 жылдан бери иштебей турган мамлекеттик автобекетке жылдырууну пландоодо. Бирок тургундар 29-майда Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Улан Примов менен жолугушканда демилгеге каршы чыгышты. Примов бул автотыгынга бөгөт коюу аракетинде жүрүп жатканын айтты. Чогулган эл "жаңы бекет шаар сыртында болгондуктан, ал жакка барууга макул эмеспиз" деген пикирлерин билдиришти. Эски бекет 10-майда жабылып, жаңысы ишке кирүүсү пландалган эле.
Жаңы автобекеттин жалпы аянты 4 гектар жерди ээлеп, ага 1500 кичи автобус, 4000ден ашуун ар кандай жеңил унаа батат.