Наталья Никитенко кечкисин Бишкектеги сейил бактарда жүрүү коркунучтуу болуп калганын айтты

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат Наталья Никитенко кечкисин Бишкек шаарындагы сейил бактарда эс алуу коркунучтуу болуп калганын айтты. Депутат буга акыркы убактардагы сейил бактардагы катталып жаткан кылмыштарды мисалга алды.

“Борбор калаа - ар бир мамлекеттин өнүгүшүнүн көрсөткүчү. Ошондуктан шаардын көрүнүшү абдан маанилүү. Бишкектеги сейил бактарда эс алуу коркунучтуу болуп калды. Айрыкча кечкисин. Быйыл сейил бактардын биринде бир кыздын башына таш менен уруп, аны зордуктап салышыптыр. Башка сейил бактан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Мындай эс алуу жайларында күзөт жок. Кечкисин жарык берилбейт. Мэрия алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек”,- деди Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан