Кыргыз Республикасынын дипломаттары үчүн Словакияда визасыз жүрүү тартиби өзгөрүүдө. Мамлекеттер аралык келишим бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында жактырылды.
Аталган келишимге ылайык, учурда өлкөнүн дипломаттары Словакияда 30 күндүк мөөнөттө визасыз жүрө алышат. Ал эми парламент бул документти жактырган соң аталган мөөнөт 90 күнгө чейин узартылат.