Өкмөт башчы
Темир Сариевдин маалымат катчысы болуп журналист
Бакыт Асанов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр 8-июнда кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Сариевдин мурдагы катчысы Чолпон Сулайманова өкмөттүк аппараттын маалыматтык бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.