Депутат Салымбеков өкмөткө: "Эмне үчүн коңшу мамлекеттерден газды, нефтини сатып алабыз да, бизден кеткен сууну сатпайбыз?"

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети өкмөт демилгелеген "КРнын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулады. Отурумдун жүрүшүндө республика аймагындагы сугат сууларды максаттуу пайдалануу, ошондой эле сууга болгон тариф талкууланды. Өкмөт мүчөлөрү белгилегендейбүгүнкү күндө өлкөдө сууга атайын тариф коюлган эмес. Ошондой эле биздин өлкөдөн агып чыккан сууларга коңшу мамлекеттер да эч кандай акы төлөбөйт, себеби өлкөлөр арасында түзүлгөн атайын келишимдерде ушундай ченем белгиленген.

Жыйын жүрүшүндө депутат Мамытбай Салымбеков суу сактагычтарда, сууга байланышкан ишканаларда иштегендердин айлык акысынын өтө төмөндүгүнө токтолду. “Эмне үчүн коңшу мамлекеттерден табият берген газды, нефтини сатып алабыз да, бизден кеткен сууну сатпайбыз?” деген М.Салымбеков бул боюнча өкмөткө тапшырма берүү зарылдыгын, сууга атайын тариф коюу керектигин айтты.

Бир катар талкуудан соң аталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Жыйында депутаттардын суроолоруна биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жооп берип жатты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан