Бүгүн, 18-июнда өкмөт башчы Темир Сариев айыл чарба жана мелорация министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алып, дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча маалыматын укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Темир Сариев айыл чарба тармагына жаңыча мамиле жасоо зарыл экенин белгиледи. “Учурда өлкөдөгү айдоо жерлеринде түшүмдүүлүк начар. Үрөнчүлүк багытындагы чарбалардын иши талапка жооп бербейт. Ошондуктан бул багытта терең маани берип, үрөндүн сапатын кантип көтөрүүнү ойлонушубуз зарыл. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн жаңыча мамиле кылуу керек болуп жатат”,- деди премьер-министр.
Ошондой эле Темир Сариев дыйкан-фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн бул багыттагы сертификациялоо талаптарын күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Ал эми министр өлкөдөгү дыйкандарды жогорку сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо тууралуу айтып берди. Премьер-министр Темир Сариев дыйкандарга мамлекеттик колдоо эффективдүүлүгүн жогорулатуунун жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.