Целлофан баштыгын жана балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө, сатууга тыюу салуу сунуш кылынууда

19-июнда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун 1-окууда карады. Демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоева целлофан баштыктар арзан жана ыңгайлуу болгону менен, айлана-чөйрөнүн көркүн бузуп, экологияга зыян тийгизгени дүйнөлүк мүшкүлдөрдүн бирине айланганына токтолду. Ушундан улам эл өкүлү экологияны сактоо, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды жоюу максатында ушул мыйзам долбоору сунуш кылынып жатканын айтты. Тагыраак айтканда, экологияны булгай турган товарларды импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунуш кылынууда. Жыйынтыгында биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Маалыматка ылайык, республика аймагында желим баштыктарды өндүргөн 34 ишкана бар. Целлофан баштыктар болжол менен 200 жылга чейин чирибей жер кыртышына, айлана-чөйрөгө зыян тийгизерин эксперттер аныкташкан. Ал эми балык уулоочу Кытайдын өндүрүшүндөгү синтетикалык торлор суу астында 50-100 жылга чейин уу бөлүп чыгарары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан