Премьер-министр Темир Сариев 20-июнда Бишкек шаарында оңдолуп жаткан жолдордун абалы менен таанышты. Өкмөттүн билдиришинче, премьер Жукеев-Пудовкин, Патрис Лумумба көчөлөрүндө, Түштүк магистралда болду. Түштүк магистралда курулуп жаткан жер астындагы көпүрөнүн курулушу быйыл ноябрь айында бүтүшү керектиги айтылды. Курулушка 1 миллиард сом жумшалууда. Курулушуна 80 миллион сом жумшалган П.Лумумба көчөсүн көргөн өкмөт башчы андагы тротуарларга павильон, унаа оңдоочу жайлардын курулушун сындап: "Бишкектеги бардык мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүшү керек",- деди.