Судьялардын окуу борбору райондор аралык соттордун судьяларын окутууда

Бүгүн, 22-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдын 8-августундагы "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында өлкөнүн райондор аралык сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларын комплекстик окутуу башталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. 

"Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана башкалардан туруп, узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 10 окуу күнүн түзөт. Окуунун соңунда модулдук тестирлөө өткөрүлүп, жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Эксперттик-окуу комиссиясына жиберилет",- деп билдирет мекеме.

Окутуу 2015-жылдын 22-июнунан баштап 3-июлуна чейин Жогорку Соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунда өтөт. Окутууга Кыргыз Республикасынын райондор аралык сотторунун 16 судьясы катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан