Ысык-Көлдө балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган “Ысык-Көл балдардын көзү менен” аттуу иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган иш-чара облустун Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуучу жайында 20-27-июнга чейин өткөрүлүп, ага 9-15 жашка чейинки курактагы окуучулар катышууда. Иш-чаранын башкы максаты жаш балдардын көркөм өнөр куралдарын пайдалана билүү, чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат. Балдар үчүн ар кайсы мамлекеттерден келген белгилүү сүрөтчүлөр мастер-класс өткөрүшөт. Мындан тышкары жаш сүрөтчүлөр арасында сынактар, көркөм өнөр көргөзмөлөрү, кол өнөрчүлүк, тарыхый музейлерге баруу каралган.