Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу тартибин тактоо. Мыйзамга ылайык, Жер кодексинин 74-беренесине “Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат” деген толуктоо киргизилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.