Өлкө ЕАЭБге киргенден кийин базар баалары 10-15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн

"Өлкө ЕАЭБге киргенден кийин базар баалары 40 пайызга эмес, 10-15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн". Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, баалар өтө эле өсүп кетет деп чочулоонун кереги жок.

“Айрым адамдар "Евразиялык экономикалык биримдикке кирсек, баалар 40 пайызга кымбаттайт" деп сөз кылып жүрүшөт. Бул туура эмес ой. Албетте, валютанын өйдө-ылдый болушуна байланыштуу баалар 10-15 пайызга жогорулайт, бул дүйнөлүк практика. Ал эми өзүбүздөн аз өндүрүлгөн товарлар өзгөчө Казакстан менен Орусиядан келет, анткени буга чейинки болгон чек ара маселелери чечилип, чет өлкөлүк ишкерлерге жагымдуу шарттар түзүлөт”,- дейт Өскөнбаева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
33SUUN
2015-06-23 17:04:37
Ишкерлерге жагымдуу,карапайым калкка кайгылуу.
0
Lisun
2015-06-23 20:25:57
Деги качан толук киребиз майда деп жатбады беле а уже июль
0
Maks_shop
2015-06-24 02:58:24
Качан кирет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан