“Бажы биримдиги биздин чек ара маселелерибиздин чечилишине чоң жардамын тийгизет”. Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда маалымат жыйынында серепчи Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, Бажы биримдигинин бирден-бир талабы - ага мүчө болгон өлкөлөрдүн чек араларынын так болушу.
“Орусия биздин чек ара маселелерибиз такталышы жана бекитилишине деп 200 миллион доллар грант түрүндө бөлүп берди. Мындан тышкары аскер кызматкерлерибиз 1 миллиард долларга курал-жарак, техника алышты. Мунун баары, албетте, биздин мамлекеттин Евразиялык экономикалык биримдигине киргендигине байланыштуу”,- дейт Акенеев.