Темир Сариев Ала-Букадагы мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан кырсыкты, Боом капчыгайындагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди

Бүгүн, 23-июнда премьер-министр Темир Сариев 22-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы жана интернет булактарында тараган Бишкек-Каракол жолундагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр вице-премьер-министрлерге, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлигине үч мектеп бүтүрүүчүсүнүн өмүрүн алган жол кырсыгынын жагдайларын тыкыр териштирип, ага жол берген жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону жана анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү тапшырды. 

Темир Сариев коопсуздук боюнча вице-премьер-министрге жана Ички иштер министрлигине жол-кайгуул кызматкерлери катышкан Бишкек-Каракол жолунун Боом капчыгайындагы окуяны териштирүү жана мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тапшырмасын да берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан