Жогорку Кеңештин үч фракциясы акыйкатчыны кызматтан кетирүүгө макулдук берди

Жогорку Кеңештин КСДП, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракциялары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө макулдук берди. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда комитеттин төрайымы Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, фракциялардын чечимдери башында төрага Асылбек Жээнбековго жөнөтүлгөн, андан соң төрага бул маселени аталган комитеттин кароосуна жөнөттү.
Айта кетсек, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Б.Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасын жактырышкан жок. Тиешелүү мыйзамга ылайык, эми акыйкатчыны кызматтан кетишин атайын комиссия чечиши керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан