Жогорку Кеңештин алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өтүп жатат. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, жаш активисттер, адам укугун коргоочулар, саясатчылар катышууда.
Нааразылык акциясына катышып жаткандардын колунда "Конституциянын күчү туруктуулукта!", "Конституцияны зордуктабагыла!", "Баш аламандыкка жол жок!", "Өлкөнү сатпа!" сыяктуу сөздөр жазылган плакаттар бар. Митингге 200гө жакын адам катышып жатат.
Митингчилердин ортосунда пикир келишпестик орун алды. Айрымдар Ак үйдү айланууну сунушташса, башкалар тарап кетүүнү сунуштап жатышат. Алар Жогорку Кеңештин имаратын айланууну чечишти.
Азыркы тапта алар Феликс Куловдун, Өмүрбек Текебаевдин, Чыныбай Турсунбековдун митингчилердин алдына чыгуусун талап кылышып, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбевди "кызматтан кет" деп айтышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан