22-26-июнь күндөрү Жогорку Кеңештин делегациясы Франциянын Страсбург шаарында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын ишине катышууда. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 24-июнда бул иш сапар Кыргыз Республикасы алган ЕКПАнын "демократия боюнча өнөктөш" статусунун алкагында өтүп жатканын кабарлады.
Парламенттик делегацияны депутат Каныбек Иманалиев жетектеп жүрөт. Курамында депутаттар Элмира Иманалиева жана Сайдулла Нышанов бар.