Алдамчылыкка шектелген милиция кызматкери ушул жылдын февраль айында кызматтан бошотулганы айтылды

Кечээ, 23-июнда Бишкектеги Ленин райондук ички иштер органдарында иштеген милиция кызматкерине "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда ал кызматкердин ушул жылдын февраль айында кызматтан бошотулганын билдирди.
"Алдамчылык" беренеси менен айыпталып жаткан А.Д. өзүнүн жүрүм-туруму менен ички иштер органынын кызматкерине коюлуучу талаптарга жооп бербегендиктен, 2015-жылдын 12-февралында кызматтан алынган",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин милиция кызматкери деп айтылган А.Д. 2014-жылдын сентябрь айында М.Д. аттуу жаранга Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны укугу жок туруп сатканы белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан