Жусупбек Шарипов Кувейттин Эль-Кувейт шаарындагы
резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Марокко
Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы Кыргыз Республикасынын элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы
Алмазбек Атамбаев 24-июнда кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Шарипов Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчиси кызматын 2014-жылдын март айынан бери аркалап келет.
Жусупбек Шарипов Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун бир тууганы.