Ысык-Көлдө кээ бир кафелердин ээлери саркынды сууну жерге төккөндүгү үчүн миңден миллион сомго чейин айып пул төлөшөт

Ысык-Көлдө кээ бир кафелердин ээлери саркынды сууну жерге төккөндүгү үчүн миңден миллион сомго чейин айып пул төлөшөт. Мындай маалыматты бүгүн, 24-июнда Экологиялык жана техникалык коргоо мамлекеттик инспекциясынын аймактык жетекчисинин орун басары Максат Өмүров билдирди. Анын айтымында, көл жээгинде жайгашкан тамактануучу жайлардын ээлери жер астынан чыккан сууларды кирдетүүдө.
"Кафелердин кызматкерлери тереңдиги 3 метрден кем эмес, туурасы 2-3 метр болгон чуңкурга кир сууларды төгүп, ал сиңбей калганда көмүп коюшат экен. Бул саркынды суулар жер астынан чыккан таза сууларды ууга айлантууда. Мындай учурда биздин мекеме тамактануучу жайдын ээлеген аянтына жараша айып пул салат",- деди Өмүров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adambol
2015-06-25 08:33:22
кайдагы айып пул. айып пул чонтоко салышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан