Өлкөдө полиэтилен баштыктарын өндүрүүгө тыюу салуу демилгеси Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Жогорку Кеңештин 24-июндагы жыйынында өлкөдө полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, полиэтилен баштыктарынын ордуна көп колдонуучу жана кагаздан жасалган баштыктарга өтүү зарыл. "Биз өлкөбүздөгү баштык чыгаруучу ишкерлер менен сүйлөштүк. Алар полиэтиленден кагазга өтүүгө даяр. Ошондой эле тигүү цехтерине жумуш болот. Адистердин билдиришинче, ишкерлер 16 миллион сом жоготушу мүмкүн. Жаңы пайдаланчу баштыктар арзан баада сатыла баштайт",- деди Иманкожоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан