Альтернативдик аскердик кызмат өтөгөндөрдөн түшкөн акчанын 10 пайызы Улуттук гвардияга которулушу мүмкүн

Алгачкы аскердик чогултуулардан жана альтернативдик аскердик кызмат өтөгөндөрдөн түшкөн каражаттын 10 пайызы Улуттук гвардиянын эсебине которулуп башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды.

Жыйында Улуттук гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиев билдиргендей, мекемени каржылоо толук эмес, эсептелген керектөөсүнүн болгону 45 пайыз, ал эми 90 пайыздан көбүрөөгү корголгон беренелер боюнча жүргүзүлөт. "Мындай учурда Куралдуу күчтөрдүн субъектисинин алдына коюлган тапшырманы аткарыш үчүн материалдык-техникалык запасын түзүү жана ишмердигин толугу менен аткаруу мүмкүн эмес",- деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан