Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Бул мыйзам долбоорунун максаты тышкы экономикалык иштердин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) коддорун Евразия экономикалык биримдигинин коддоруна ылайык келтирүү болуп саналат.
Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулуусун жана “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти” жөнүндө мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөр тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коддорун Евразиялык экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатура коддоруна алмаштырууга тийиштүү. Буга байланыштуу ТЭИ ТН коддорун ЕЭБ ТЭИ ТН коддоруна шайкеш келтирүү зарыл.