Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Орусия Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Иванов менен Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр Палатасынын депутаты Вадим Девятовскийди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууга Жээнбеков Ысык-Көлдө 18-июндан 24-июнга чейин болуп өткөн “Шериктештиктин балдары – 2015” аттуу III Эл аралык маданий жана билим берүүчү форумга катышканы үчүн тараптарга ыраазычылык билдирди. Төрага Советтер Союзунун элинин, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин эрдигин эсте сактоону максат кылган бул форумдун канчалык маанилүү экенин айтып өттү.
“Улуу муундун өкүлдөрү мындай иш-чараларга активдүү катышып, биздин элдердин эрдиги тууралуу маалыматты жаңы муундарга өткөрүп, муундардын өз ара байланышын сактап калышы керек. Биздин ата-бабаларыбыз жанаша туруп өз мекенин коргогонун балдар билүүгө тийиш”,- деди ал.
Ошондой эле Жээнбеков Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболордун баарын толук аяктаганын кабарлады. “ЕАЭБге кирүү экономикалык жактан негизделген, ойлонулган кадам болгон. Ал аркылуу бөгөттөр жоюлуп, капиталдын, товарлардын, тейлөөнүн жана эмгек ресурстарынын эркин жылышы каралган”,- деди төрага.
Меймандар Улуу Ата Мекендик согуштагы Советтер Союзунун элинин эрдигин кеп кылышып, өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик менен ынтымакты бекемдөөгө багытталган бирдиктүү иш-чаралардын маанилүү экендигин баса белгилешти.