Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Нарын облусуна барды

Кечээ, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин Нарын облусуна болгон иш сапары башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр КР ИИМ Жол-кайгуул кызматынын Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин көзөмөлгө алып, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу шартындагы «Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктундагы ишмердүүлүгү менен таанышат.

Мындан тышкары Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгына барып, анын даярдык деңгээлине баа берет. Сапардын жыйынтыгында вице-премьер-министр КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн текшерет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан