Мурас-Ордо конушунун тургундары мектептин жоктугунан митингге чыкканы жатышканы айтылды
Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунун тургундары мектептин жоктугунан митингге чыкканы жатышат. Муну парламенттин 25-июндагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев билдирип, конуштагы кырдаалды карабаган мэрияны сындады. "Мектептин жоктугунан конушта жашаган балдарды ата-энелери күндө шаарга ташыйт экен. Атасы же апасы тиричилигин таштап, балдарын мектепке жеткирүү же алып келүү менен алек. Алар кечээ топтолуп пикетке чыгабыз дешти эле, араң дегенде токтоттук. Мэрияга бир нече жолу кайрылгам, бирок чара көрүлбөй жатат",- дейт депутат.