"Кумтөр" маселеси: "Давыдов мөңгүсүн сактап калууга мүмкүн эмес" деди Сарпашев

"Кумтөр" кениндеги Давыдов мөңгүсүн сактап калууга мүмкүн эмес, кечигип калдык",- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттин 25-июндагы жыйынында. Сарпашев айла калбагандыктан, аталган мөңгүнү талкалоого "Центеррага" уруксат берилгени жатканын айтты. "Алтынды жер алдынан казууга өткөн күндө да, ордунан жылып жаткан мөңгү токтобойт. Давыдов мөңгүсү улам ордунан жылып, карьердин үстүнө түшкөнү жатат. Биз болгону мыйзамдык талаага келели деп жатабыз",- дейт өкмөт мүчөсү. 
"Кыргыз алтын" ишканасынын өкүлү эгер "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого уруксат берилбесе, "Центерра" компаниясы ишин токтотуп, кыргыз тарапты сотко берерин айтты. "Канадалыктар кенди сүйүнүп токтотуп коюшат да, "булар иштөөгө уруксат бербей коюшту" деп бизди сотко беришет",- деди ал.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан