Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
Бакыт Аманбаевди кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Тиешелүү токтом бүгүн, 25-июнда жактырылды. Добуш берүүдө 56 депутат "макул", 16 депутат "каршы" деп добуш берди.
Айта кетсек, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча үч парламенттик фракциянын сунушун жактырды.
10-июнда Жогорку Кеңеш Б.Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берген.