Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында Суу кодексине өзгөртүү киргизүү сунушу каралууда. Мыйзам "Кумтөр" кенинде мөңгүнү талкалоого, алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү чапчып алуу менен жер үстүнөн казууга да уруксат берүүгө багытталган.
Жыйында депутат Бөдөш Мамырова депутаттар сүйлөп жатканда сөзүн бөлүп, кыйкырып сүйлөгөнү, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабаганы үчүн Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажановду сындады. "Сабир Атажановдун кызматтык жоопкерчилигин караш керек. Эмне басмачыдай болуп ордунан тура калып кыйкырат? Бүгүнкү депутаттарга жасаган мамилеси үчүн жооп бериши керек",- деп билдирди Мамырова.