Бишкектин троллейбустук паркы келерки жылы жаңы 40 троллейбуска толукталып, жаңы каттамдар пайда болушу мүмкүн

Бишкектин троллейбустук паркы келерки жылы жаңы 40 троллейбуска толукталып, жаңы каттамдар пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын жыйынында вице-мэрдин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий билдирди. Анын айтымында, учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен 5 миллион евро насыя түрүндө жана 2,9 миллион евро грант түрүндө берилиши туурасында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Сүйлөшүүлөр бүгүнкү күндөгүдөй жакшы жүрсө, буюрса, 2016-жылы аталган 7,9 миллион еврону алып, 40ка жакын троллейбус алабыз деп турабыз. Алардын баасы 150 миң евродон 400 миң еврого чейин турат.

Учурда Бишкекте бир маалда 100гө жакын троллейбус жүрүп, шаардыктарды тейлөөдө. Дагы 80 троллейбус чыкканга шарт бар. Ошондуктан жаңы троллейбустар бизге ашыктык кылбайт”,- дейт Милицкий.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurjan_92sport
2015-06-26 01:50:05
Мумкун мумкун эмес да болушу мумкун ээх ачьк бир тактьк жок мумкун деп журуп сайда кальп кетишибиз мумкун
0
Ankel
2015-06-26 08:29:27
Троллейбус көбөйгөнү менен маселе чечилбейт, автотыгын көбөйөт кайра.Андан көрө ошол акчага дагы кошуп, жок дегенде 1 багыттагы метро курса, мисалы Чүй проспектисинин багытында Фучик көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин элдер үчүн өтө ыңгайлуу болмок. Акырындап башка багыттар да курулмак.Башка мамлекеттер өнүгүү жолунда, а бизде дагеле тро
0
Ankel
2015-06-26 08:35:29
а бизде дагы эле троллейбус. Же бул троллейбус менен бара турган жериңе убагында жетпейсиң. Бул менин жеке оюм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан