Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоору боюнча Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору менен "Адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине толуктоо киргизүү каралат. Анда жакын туугандардын органдарын же ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилери айтылат.
Талкуунун жүрүшүндө комитет төрагасы Э.Сакебаев бул маселе өтө олуттуу экенин айтып, жакын туугандарынан башка адамдардын органын алуу боюнча сунуштар комитет тарабынан четке кагылгандыгын белгиледи. Депутаттар бул маселенин актуалдуулугуна, бул багытта ата мекендик медицина тармагын өнүктүрүүгө жол ачыларына токтолуп, мыйзам долбоорун колдогон пикирлерин билдиришти. Ошону менен катар жоопкерчилик тең болорун айтып, бул маселеде мамлекеттик жана менчик мекемелерди чогуу иш жүргүзүүсүн шарттоо сунушталды.
Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.