Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктын негизинде, КРнын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Эмил Аксамаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду. Бул тууралуу 26-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Аксамаев Эмил Маликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткаруудан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет",- деп айтылат маалыматта.