Бүгүн, 29-июнда Ак үй алдында "Кумтөрдөгү"
Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалоого каршы митинг өтөт. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына жаш саясатчы
Мавлян Аскарбеков кабарлады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш буга байланышкан “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун өткөн жумада 2-окууда жактырган. Документке 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берген. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, "Кумтөрдө" алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү башка жакка жылдыруу менен үстүнөн чапчып казууга канадалык "Центерра" компаниясына укук берилет.