"Конституцияны өзгөртүү демилгесин артка кайтарууга президенттин суранычы себеп болду" деди Феликс Кулов

"Конституцияны өзгөртүү демилгеси артка кайтарылды, буга президенттин өтүнүчү себеп болду". Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында демилгечилердин бири Феликс Кулов жасады.
Депутат: "Өлкө башчы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча аткарган ишибизди мыкты деп баалады. Бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча процесстер иштей баштады. Бул маселе дагы талкууланат. Парламенттин кийинки чакырылышынын депутаттары бул демилгени дагы көтөрөт деген ишеничтебиз",- деп билдирди Кулов.
Мындан тышкары Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан митингчилердин талаптары ынандырарлык эмес экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан