КСДП фракциясы "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого жол берчү мыйзамды колдоодон баш тартты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого жол берчү мыйзамга добуш берүүдөн баш тартты. Муну аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков парламенттин 29-июндагы жыйынында билдирип, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун чийки экенин белгиледи. "Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү кабылган кырдаалга кыргыз жериндеги башка мөңгүлөр эч убакта туш болбой тургандай чечим кабыл алуу зарылдыгын айттык. Мындан ары эч ким өзүнүн күнүмдүк кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садага чаба албай тургандай болушу керек. Бирок азыркы мыйзам долбоору буга кепилдик албайт деген чечимге келдик",- деди Турсунбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан