"Ата Мекен" партиясы Ош шаарында

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партиянын активдүү талапкерлери, "ата мекенчилер" Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Медеткан Шеримкулов баштаган жоон топ Ош шаарынын борборуна келишти.
Партия өкүлдөрү "Ата Мекендин" Оштогу штабындагы өкүлдөрү жана жергиликтүү депутаттар менен жолугушуу өткөрүштү. "Ата мекенчилерди" "Улуттар биримдиги" партиясынын өкүлү Искендер Гаипкулов тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев алдыдагы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы сөзсүз түрдө жеңишке жетишет деген пикирин билдирди. 
Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуу 12-сентябрь күнү кечинде Ош шаарынын борбордук стадионунда өтөрү белгилүү болду.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан