Армения Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян Ереванда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
«Бул биздин тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүү багытыбызга туура келет. Биз бул багытта иштөөнү улантабыз», — деген Пашинян.
Ал Армениянын азыр ШКУда байкоочу макамы бар экенин эске салды.
Буга чейин, июль айынын башында Армениянын Тышкы иштер министрлиги өлкө ШКУга толук кандуу мүчө болууга кызыкдар экенин билдирген. Ошол маалда мекеме уюмдун принциптерине — аймактык бүтүндүккө, күч колдонбоого жана чек аралардын өзгөрүлбөсүнө берилгендигин баса белгилеген.
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Анын курамына он мамлекет кирет: Орусия, Индия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран жана Беларус.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны 2025-жылдын август айынын соңунда Кытайда өтөт.