Орусияда Азербайжан диаспорасынын жетекчисинин уулу эки айга камакка алынды

Екатеринбургда Азербайжан диаспорасынын жетекчисинин уулу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда орус басылмалары жазышты.

Мутвалу Шихлинскийге «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө версиясы боюнча, июль айынын башында Мутвалу Шихлинский атасы кармалган учурда ал унааны артка айдап бара жатып, атайын даярдыктагы кызматкерди сүзүп кеткен.

Сотто Шихлинский күнөөсүн моюнуна алып, атайлап эмес, кызматкерди көрбөй калганын айткан.

Айыпталуучунун атасы, Екатеринбургдагы азербайжан диаспорасынын жетекчиси Шахин Шихлинский июлдун башында күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. Анын унаасы токтотулуп, айнектери сындырылган. Кийинчерээк ал бошотулган.

Мутвалу Шихлинский болсо 15-июлда кечинде Екатеринбургда кармалган.

Бул окуя Москва менен Бакунун ортосундагы чыңалуунун шартында жаралууда. Июнь айынын аягында Екатеринбургда Азербайжандын эки жараны Орусиянын күч түзүмдөрү тарабынан кармалгандай кийин каза болгон. Бакунун версиясы боюнча, алар кармоо учурунда алган жаракаттарынан көз жумган.

Көп өтпөй Баку шаарында бир нече орусиялык жаран кармалып, аларга уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деген айып коюлган. Ошондой эле «Sputnik Азербайжан» басылмасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, эки жетекчиси камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан