Түркияда сот Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну 1 жыл 8 айга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Сот Имамоглуну Стамбулдун башкы прокуроруна карата акаарат сөздөрдү айтып, коркутууга айыптуу деп тапты.
Экрем Имамоглу күнөөсүн моюнга алган жок. «Мен сот системасынын кыянат колдонулушуна жана аны саясий куралга айлантууга каршы күрөштүм. Бул — чыныгы мазактоо, биздин улутка болгон акаарат», — деди ал сот залында.
Имамоглу Стамбулдун башкы прокурору Акын Гюрлек тууралуу айткан сөздөрү үчүн соттолду. Бирок анын эмне деп айтканы так айтылган жок. Маалыматтарга караганда, бул сөздөр 2025-жылдын январь айында айтылган.
Айыптоочу тарап Имамоглуна 2 жыл 8 айдан кем эмес жаза мөөнөтүн берип, анын саясий ишмердүүлүгүнө чектөө коюуну талап кылган.

Экрем Имамоглу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын негизги саясий атаандашы катары саналат. Көпчүлүк аны алдыдагы президенттик шайлоодо оппозициянын башкы талапкери болот деп күтүп жатышкан.

Экрем Имамоглу 2025-жылдын март айында бир нече иш боюнча, тагыраагы, коррупцияга жана терроризмге көмөктөшүү айыптары менен камакка алынган. Анын камакка алынганына байланыштуу, шаар башчысы катары ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.
Имамоглунун камакка алынышы оппозициядагы Республикалык элдик партиянын (РЭП) ички шайлоосуна бир нече күн калганда болгон. Бул шайлоодо Имамоглуну 2028-жылдагы Түркиянын президенттик шайлоосуна талапкер катары көрсөтүү күтүлүп жаткан.
Түркиядагы кезектеги президенттик шайлоо 2028-жылга белгиленген, бирок мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүн.

Имамоглунун камакка алынардан бир күн мурун Стамбул университети анын жогорку билим тууралуу дипломун жараксыз деп тааныган. Бул чечим Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынган. Прокуратура документтин мыйзамдуулугуна шек санаган. Түркия мыйзамдары боюнча президенттикке талапкер болуу үчүн жогорку билим талап кылынат.
Камакка алынганына жана дипломунун жокко чыгарылышына карабастан, Республикалык элдик партия Имамоглуну президенттикке талапкер катары расмий түрдө көрсөттү. Партия төрагасы Озгюр Озел анын камалышын «төңкөрүш» деп атады. Ал эми Имамоглу өзү муну «адилеттүүлүк эмес, жаза» деп мүнөздөп, анын артында өкмөттүн кысымы турганын айтты. Стамбул мэрин камакка алуу чечимин оппозициянын башка лидерлери да сынга алышты.

Быйыл март айында Экрем Имамоглуна карата болгон куугунтук Түркияда акыркы он жылдагы эң ири нааразылык акцияларына себеп болду. Март айынын аягында өткөн бир нече күндүк массалык нааразылык акциялары маалында өлкө боюнча 1400дөн ашык адам кармалган. Коопсуздук кызматкерлери митингге чыккандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонушкан. Протест учурунда бир нече журналист да кармалган.
Имамоглуну колдогон митингдер азыркыга чейин уланууда.

Нааразылыкка чыккандар Имамоглунун камакка алынышы саясий мүнөзгө ээ деп эсептешет. Бирок Түркиянын Адилет министрлиги буга чейин соттор көз карандысыз иш жүргүзөрүн билдирген.
Президент Режеп Тайып Эрдоган бул митингдерди «жамандыктын белгиси» деп атап, оппозицияны «коомдук тынчтыкты бузуп жатат» деп айыптаган.
Былтыркы жылы өткөн Стамбул мэрлигине болгон шайлоодо Имамоглунун жеңиши Эрдоган жана Түркия бийлигиндеги Адилет жана өнүгүү партиясы (ПСР) үчүн кооптуулук жараткан.

Стамбул — Түркиянын эң ири шаары, анда 15 миллиондон ашык адам жашайт. Имамоглу 2024-жылдагы шайлоодо жеңишке жеткенге чейин бул шаарды беш жыл бою башкарган.