Мамлекет жетекчилиги Казат Акматовду эскерүүдө

Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовду эскерүүдө. Өлкө жетекчилеринин 14-сентябрда жарыяланган некрологунда булар айтылат:

Казат Акматов өз чыгармачылыгы, талыкпаган эмгеги менен кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жазуучулардын бири. Ал элдин сүймөнчүгүнө татыган көптөгөн көркөм чыгармалардын, пьесалардын, драмалардын автору. Айрыкча роман жанрында бир катар көзгө толумдуу чыгармаларды жаратып, кыргыз көркөм адабиятын жаңы бийиктикке көтөрүүгө бараандуу салым кошкон.

Казат Акматов чыгармачылык менен катар өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушуна да активдүү аралашкан. Кыргыз Республикасы эгемендикке жеткен алгачкы жылдары демократиялык өзгөрүүлөрдүн башатында турган. Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) негиздөөчүлөрдүн бири катары элдик бийликти калыптандырууга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө татыктуу салым кошкон.

CCCР Жогорку Советине депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин – “легендарлуу парламенттин” депутаты болуп шайланган. Учурунда президенттик кеңештин мүчөсү, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын милдетин аткарган. Ошондой эле Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары жана Кыргыз тили фондунун төрагасы болуп эмгектенген.

Казат Акматов белгилүү жазуучу гана эмес, өз элине чындап күйгөн мекенчил инсан эле. Чыгармаларында адилетсиздиктин, калыссыздыктын бетин аёосуз ачып, турмуш чындыгын терең чагылдарган сөз чебери болгон. Өмүр бою бир колуна калемин кармап, экинчи колунда бийлик тизгинин түшүрбөй келген. Республикабыздын коомдук-саясий турмушуна активдүү аралашып, ар дайым алдынкы сапта жүргөн кыргыз уулдарынын бири эле.

Белгилүү жазуучу, драматург, сценарист, көрүнүктүү коомдук ишмер Казат Акматовдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Атамбаев А.Ш., Жээнбеков А.Ш., Сариев Т.А., Жамашева Ф.З., Отунбаева Р.И., Жумакадыров Т.К., Жумабеков Д.А., Турсунбеков Ч.А., Сабиров М.Э., Текебаев Ө.Ч., Кулов Ф.Ш., Сарпашев Т.Д., Ниязалиева Д.А., Марипов У.А., Ниязов Ф.А., Карыбаева М.А., Максүтов А.А., Кудайбердиева Г.К., Кулматов К.К., Каптагаев Э.С., Муратов А.А., Эралиев С., Жусуев С., Жакиев Б.Ж., Мамакеев М.М., Садыков Т.С., Шамшиев Б.Т., Байжиев М.Т., Рыскулов А.Р., Самудинов Т.С., Жекшеев Ж.Ж., Тургуналиев Т.Т. Имангазиев Р.А.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан