Жириновский Орусиянын гимнинен боордош элдер тууралуу сөздү алып салууну сунуштоодо

Владимир Жириновский Орусиянын гимнинен боордош элдердин биримдиги жөнүндөгү сөздөрдү алып салууну сунуштады. "Бул элдер азыр кимдер? Фашисттер жана канкорлор! Абдан узун гимн. Дүйнөдөгү эң узун гимн, ал тургай спортчулар көтөрө албай жатышат",- деген Жириновский гимнден аталган сөздөр жазылган куплетти толук бойдон алып салуу керектигин айтат. Орусиялык маалымат булактарынын билдиришинче, депутат мындай сунушун Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди. Гимндин кайырмасындагы боордош элдер тууралуу сүйлөм гимнди аткарууда 3 жолу кайталанат.  
Эскерте кетсек, Жириновский 2014-жылы Орусиянын азыркы гимни менен мамлекеттик туусун алмаштыруу керектигин айтып, ордуна Орусия империясынын 1833-1917-жылдардагы гимнин жана кара, сары, ак түстөрдөн турган желегин сунуштаган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан