Тайырбек Сарпашев: "Бишкекте жарандардын 3 пайызы, ал эми Ошто 7-8 пайызы өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоо участкаларынан таппай калышты"

"Бишкекте жарандардын 3 пайызы, ал эми Ошто 7-8 пайызы өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоо участкаларынан таппай калышты". Мындай пикирин бүгүн, 15-сентябрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, учурда 850 миңден ашык жаран "Өзүңдү тизмеден тап!" акциясына катышты. 
"Өлкө боюнча шайлоо участкаларында 7000 биометрикалык маалыматты тактоочу аппараттар коюлат. Ошондо мындай жабдык 300-400 шайлоочуга бирден туура келет. Тилекке каршы, шайлоо участкаларынын операторлору тажрыйбасынын аздыгына байланыштуу кээ бир жерлерде 100 адамдын 95и өзүн тизмеден тапса, кээ бир жерде 40 пайызы гана өзүн табууда. 
Дагы бир маселе: өзүн тизмеден таппай калган жарандар жанаша жайгашкан участкаларда болуп калышууда. Мындан улам шайлоо күнү штабдын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы менен өлкөдө жанаша жайгашкан 1741 участканын ар бирине компьютердик маалымдамалар коюлат. Мисалы, 100 киши келсе, алардын 7си өзүн тизмеден таппай калса, ошол маалымдаманын жардамы менен ал кайсы участкада экенин билип алса болот",- деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан