"Атайын жеңилдетилген программаларды кабыл алуу менен фермерлерди колдоо керек". Мындай пикирди 15-сентябрда премьер-министр Темир Сариев билдиргенин өкмөттөн билдиришти. Сариев жүндү кайра иштетүү тармагын жандантуу зарылдыгын айтат.
"Кайра иштетүүсүз фермерлердин бутуна турушуна жардам бере албайбыз. Алар кой багышууда, жүндүн сатылышын жана аны кайра иштетүүнү камсыздоо керек. Бул багытта комплекстүү аракеттер болушу шарт. Мал чарбачылыгын колго алып, жүндүн сапатына көңүл буруу, сапатты көзөмөлдөө үчүн тийиштүү лабораторияларды куруу кажет",- дейт өкмөт башчы.
Жыйында күнөскана куруу тармагын өнүктүрүү тууралуу да талкуу жүрүп, аталган эки багытты өнүктүрүү боюнча пландарын 15-октябрга чейин сунуштоо тапшырмасы тийиштүү мекемелерге берилгени айтылды.