Бишкекке заманбап медициналык клиника курулмакчы

Бишкек шаарында заманбап медициналык клиника курулат. Тийиштүү келишим вице-премьер-министр Валерий Диль менен германиялык клиникалардын биринин өкүлү Марк Реймонддун жолугушуусунда түзүлгөнүн 16-сентябрда өкмөттөн билдиришти.  
"Хирургия, кардиология жана терапия бөлүмдөрүн камтыган клиниканын курулушу маанилүү окуя болмокчу. Медицина тармагында эң алдынкы технологияларды өздөштүргөн германиялык дарыгерлердин тажрыйбасынын көптөгөн адамдарга жардамы тиет. Германия дары-дармек жана жабдуу жактан жардам берүү менен катар биздин өлкөнүн 10 дарыгерин окуудан өткөрүштү. Кадр даярдоо, тажрыйба алмашуу иштери мындан ары да уланат",- дейт Диль. 
Жаңы курулчу клиника тууралуу германиялык өкүл: "Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бул кызыктуу долбоор жакын арада ишке ашырылат деген үмүттөмүн. Долбоордун болжолдуу баасы 10 миллион евро",- деп билдирди. 

 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан