Тышкы иштер министрлигинин атайын штабы шайлоого жооптуу чет өлкөдөгү адамдарды окуудан өткөрөт

Тышкы иштер министрлигинин атайын штабы парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү улантууда. Министрликтин билдиришинче, августтан бери штаб 3 жолу жыйын өткөрүп, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын толук аткарылышы боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынды. Азыркы учурда штабдын алдында 3 негизги милдет турганы айтылат, алар:
- Чет мамлекетте туруктуу же убактылуу жашаган кыргыз жарандары боюнча шайлоочулардын сапаттуу кошумча тизмесин түзүү;
- Эл аралык байкоочулар боюнча иштерди жүргүзүү;
- БШК жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте чет мамлекеттеги участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, консулдук жооптуу кызматкерлерди окутуу жана аларга тийиштүү жабдууларды таратып берүү.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан